Башкы прокуратура коррупциядан өндүрүлгөн каражаттар менен депозиттик эсепти 20 млн сомго толуктады

Дата: 13:32, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Башкы прокуратура коррупциядан өндүрүлгөн каражаттар менен депозиттик эсепти 20 млн сомго толуктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан кабарлашты.

Башкы прокуратура 17-июлда акча каражаттарын кымырып алуу, экономикалык жана кызматтык кылмыштар менен күрөшүүнүн натыйжасында 20 млн 324 миң сом каражатты депозитке которгон.

Буга чейин, башкы көзөмөл органы аталган эсепке 39 млн сомдон ашык акча которгон эле.

Экономикалык жана кызматтык кыдмыштарды иликтөө иштери улантылууда.






Поделиться новостью: