Айтмамат Назаров "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси болду
Бишкек. 23 - май. КирТАГ – Айтмамат Назаров "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын башкармалыгынын башчысы болду.
Назаров бүгүн, 23-майда, Жогорку Кеӊештин жыйынында жаңы кызматка дайындалганын айтып, бүгүндөн тарта депутаттык ыйгарым укуктарын токтоторун билдирди.
Айтмамат Назаров 6-чакырылыштагы Жогорку Кеӊешке "Кыргызстан" саясый партиясынан депутат болуп келип, Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына шайланган.