«Акыркы коңгуроо» күндөрү коомдук тартипке милиция көз салат

Дата: 17:43, 23-05-2019.

Бишкек. 23 - май. КирТАГ  –  ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 25-май күнү жалпы өлкө боюнча 4 миңден ашуун милиционер шаарларда, парктарда, эс алуучу жана сайрандоочу жайларда коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу максатында бүтүрүүчүлөрдүн кымбат жолтандабас жана башка машинелер менен сайрандоосуна тыюу салынат.

«Акыркы коңгуроо» майрамы 25-май күнү өлкөнүн булуң-бурчундагы 2262 мектепте өтөт. 2019-жылы 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктайт.

Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына «Акыркы коңгуроо» майрамына карата акча чогултуп, белек алууга, кымбат автоунааларга түшүп, үлпөт куруп, кафе-ресторандарда сайрандоого Билим берүү жана илим министрлиги тыюу салган. Жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнө бул күндөрү күзөткө туруп, талапты аткарбаган бүтүрүүчүлөр менен алардын ата-энелерине, мугалимдерине, мектеп жетекчилерине чара көрүү тапшырылган. Буйрукту аткарбаган жетекчилерди кызматтан алуу сунушталган.

Поделиться новостью: