Кыргызстанда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романынын негизинде фильм тартылат

Дата: 08:53, 20-06-2014.

Бишкек. 20 июнь. КирТАГ - Мунара Шадыманова. Кыргызстанда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романынын негизинде фильм тартылат. Бул тууралуу «Кыргызфильм»киностудиясынын басма сөз кызматы билдирди.

« «Кассандра тамгасы» романы – Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармаларынын бири. Жазуучу эмгегинде өз өмүрүн аягында, бизге саясат, илим, коомчулук тууралуу жыйынтыктооочу китебин калтыргандай сезилет. Фильмдин режиссеру (Марат Амираев) жана театралдык художник (Юлдаш Нурматов) фильмди театралдык сахнада чагылдыруунун үстүндө иштеп жатат», - деди картинанын режиссеру Флора Газиева.

Басма сөз кызматтын маалыматына караганда, фильм үстүбүздөгү жылы тартылып бүтөт. Хронометражы 75 минутаны түзөт.

Белгилей кетсек, «Кассандра тамгасы» романы – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармаларынын бири болуп саналат.


Поделиться новостью: