Үч жаштагы кызын зордуктоо боюнча айыпталган кишини аялы актап жатат
Бишкек. 5 июнь. КирТАГ - Мунара Шадыманова. Үч жаштагы кызын зордуктоо жана бир канча жерине бычак урган деп айыпталып жаткан кишини аялы актап чыкты. Бул тууралуу айыпталуучунун аялы Фарида Кочкоралиева бейшемби күнү билдирди.
«Менин күйөөм Үсөн Сакатаев ММК маалымдагандай өз кызын зордуктап, бычактаган эмес. Биздин колубузда көз карандысыз эксперттертизанын жыйынтыгы бар. Ал жерде сексуалдык зордуктоо фактылары жок», - деп түшүндүрдү Ф.Кочкоралиева.
Укук коргоочу Индира Казиеванын сөзүнө караганда кээ бир журналисттер соттун чечими чыкпай туруп эле кишини оор кылмыш жасаган деп маалымат таратууда.
«Сооттук жыйындасоттук фактысы боюнча экспертизанын жыйынтыгын сурадык. Бирок сот аны бербей койду. Гинекологиялык экспертиза жасоону сурадык, аны дачетке кагышты. Азыр мына сот Үсөн Сатакаевди соттобой жатып эле, ал өз кызын зордуктап, бычактап салган деген маалыматтар тарап жатат», - деди И.Казиева.
Эске салсак, 2013 жыл 25 апрелде 3 жаштагы кыз бир канча жеринен бычактан жаракат алып Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жаткырылган.
Шаардык ИИББнын маалыматына караганда Казакстандан мас абалында келген атасы кызын кыйнап, бир канча жерине жаракат келтирген.