№23565 аскер бөлүгүнүн командри Ысык-Көлдөгү тик учактын кулашынан улам кызматынан алынды
Бишкек.19 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. 23565 аскер бөлүгүнүн командри Ысык-Көлдөгү тик учактын кулашынан улам кызматынан алынды.Бул тууралуу КирТАГга Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы маалымдады.
«№23565 аскер бөлүгүн командри Сапарали Бекмуразаев жана анын орун басары Владимир Верещагин Ысык-Көл облусундагы Ми-8 МТВ кулашына байланыштуу кызматынан бошотулду», - деп маалымдайт башкармалык.
Эске салсак, 9-июлда Ысык-Көл облусунун Эңилчек айылында Абадан коргоонуу күчтөрүнүн тик учагы кулап калган. Каттуу шамалдан вертолеттун оң канаты жабыркаган. Үч турист жана үч аскер жаракат алган.