«Чыгыш электр» ишканасы апрелде 161,4 млн сомго электр энергия саткан

Дата: 10:12, 21-05-2018.

Бишкек. 21 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. «Чыгышэлектр» ААК ишканасы апрель айында 101,9 млн кВт саат электр энергия саткан. Бул тууралуу акционердик коомдун маалымат кызматы билдирди.

Үстубуздөгү жылдын апрель айында, «Чыгышэлектр» ААК ишканасы 101,9 млн кВт саат электр энергия саткан. Ысык-Кол жана Нарын облусунун колдонуучулары ө тк ө н жылга салыштырмалуу 10,1 млн кВт саатка аз электр энергия иштеткен.

Апрель айында электр энергиядан 161,4 млн сом акча чогулган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 15,3% эсеге, 8,2 млн сомго к ө п экендигин билдирет.

Маалыматта белгиленгендей «Чыгышэлектр» ААКнын карызы 30 млн сомго азайган. Өндуруштун карызы 14 млн сомго, элдин карызы 10 млн сомго жана бюджеттик мекемелердики болсо 3,7 млн сомго азайган. Бюджеттик мекемелердин жалпы дебитордук карызы 70,3 млн сомду т ү зг ө н.

Компания апрель айында 11,6% чыгым тарткан.

Мындан тышкары «Чыгышэлектр» ААК 32 миң. 300 кристалл индикатор таблолорун орноткону турат.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында  12000 ден ашык кристалл индикатор таблолорун орнотулган. Жылдын аягына чейин ишкана 32300 даана крисстал индикатор аппараттарын орнотууну пландоодо.

Поделиться новостью: