Кыргызстанга Германия канцлери Ангела Меркель расмий сапары менен келет

Дата: 16:19, 07-07-2016.

Бишкек. 7-июль. КирТАГ - Ангела Меркель 13-14-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Аны президент Алмазбек Атамбаев чакырган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Сапар алкагында Меркель менен Атамбаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтык жана аны тереңдетүү боюнча бир катар маселелерди сүйлөшөт. Ошондой эле эл аралык жана Борбор Азияга таандык маселелер боюнча пикир алышат.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Герман канцлери менен Кыргызстандын президенти биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Немис канцлери ошондой эле иш сапары алкагында ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана өлкөнүн жарандык коомчулугу менен жолугушат.

Поделиться новостью: