Кыргызстандын бажы кызматкери болуу үчүн 100-метр аралыкты 13 секундада чуркап өтүү жана 13 жолу турнике тартынуу талап кылынат
Талапкер болгон эркектердин жаш курагы отуздан ашпаган болушу керек. Мындан тышкары 100-метр аралыкты 13 секундада чуркоо, 1 км - 3,35 минутада басып өтүү жана 13 жолу турникке тартынуу сыяктуу физикалык нормаларды аткарышы талап кылынат. Аял талапкерлердин жашы болсо 25 тен ашпашы зарыл. Айымдар 100-метр аралыкты 16,6 секундада, 1 чакырым жолду 4 минутада басып өтүүсү талап. Андан тышкары 20 жолу «отжимание» жасашы керек болот.
Жаш курагы 30-34 жана 35 ке чейинки талапкерлерге да нормативдик норма каралган. Ар бир категорияда бир ганаэң жакшы жыйынтык эмес жакшы жана канаатандырарлык натыйжага жетишкендердин да талапкерлиги каралат. Мисалы 30 жашка чейинки аялдар «отжимание» жасоодон бошотулат. Отуз беш жашка чейинки эркектерден болсо 6-10 жолу турникке тартынуу талап кылынат.
Белгилей кетсек, 100 метрге чуркоо боюнча дүйнүлүк рекорд 9,58 секундданы түзгөн.