Кыргызстандын калкынын саны 1%га жогорулады жана 6 млн 78 миң адамды түздү - улутстатком

Дата: 10:29, 12-08-2016.

Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2016-жылдын 1-июлуна карата 6 млн 78 миң адамды түзүп, 2016-жылдын биринчи жарымында 58 миң адамга көбөйдү же 1,0%га жогорулады. Калктын санынын мындай өсүшү 2012-жылдан тарта, калктын эмиграциясы кескин кыскаргандан бери сакталып келет.

Республика боюнча Баткен жана Ош облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында калктын санынын көбөйүүсү (1,1%) жогорураак.

Поделиться новостью: