Кыргызстандыктарды ызгаардуу кыш күтөт - Зилалиев
«Биздин эсептөөлөргө караганда, келээрки кыш абдан катал болот», - деди чиновник.
Ал эми депутат Жылкыбай Узакбаев: «Өкмөт суук түшкөндө кышка даярдыкты баштап, 1-декабрда күтүүсүздөн кыш келип калды дебейби?», - деп суроо узатты.
«Бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилине даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Мен жетекчи катары айта алам, эгерде кышка даярдык төмөн деңгээлде боло турган болсо, өзүмө толук жоопкерчиликти алууга даярмын», - деп ишендирди ал.
Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү өкмөттүн КР экономика тармагынын жана калктын 2016-2017 ж. күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндөгү маалыматын угуп жатышат.