Кыргызстанда жакынкы күндөрү 15 градуска чейин суук болушу күтүлүудө
Бишкек. 28-январь. КирТАГ - Айзура Чыкынова. Жакынкы кундөрү Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу КирТАГга Кыргызгидрометтин синоптиги Махбуба Касымова билдирди.
«Кыргызстанда 30-31-январда жана 1-февралда өрөөндү аймактарда жаан аралаш кар жаашы күтүлүүдө. Тоолуу жана тоого жакын аймактарда кар калың түшүшү күтүлөт. Суу кар электр зымдарына жана бактарга тоңуп, жолдорго да муз тоңуп тайгак болот. Кар күрткүлөрү орун алат. 31-январь, 1-февралда абанын температурасы кескин төмөндөп, өрөөндү аймактарда түнкүсүн -8 -13°С, кундүз -2 -7°С чейин, тоого жакын жерлерде түнкүсүн -10 -15°С, күндүз -4 -9°С чейин, тоолордо түнкүсүн -25 -30°С, күндүз -10 -15°С чейин суук болот», - деп билдирди М.Касымова.
Синоптиктин билдирүүсүнө ылайык, кыштоолордо мал кайтарууда, автоунаалардын иштетүүдө жана коммуналдык, нергетикалык, байланыш кызматтарынын иштеринде кыйынчылыктар орун алышы мүмкүн.
«Кыргызстанда 28-январда түнкүсүн өлкөнүн басымдуу бөлугүндө, күндүз айрым райондорго кар түшөт. Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 29-январда кар жашы күтүлбөйт. 30-январда өрөөндү аймактарда жаан аралаш кар жаашы күтүлүүдө. Тоолуу жана тоого жакын аймактарда кар калың түшүшү күтүлөт. Суу кар электр зымдарына жана бактарга тоңуп, жолдорго да муз тоңуп тайгак болот. Кар күрткүлөрү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, айрым учурда 15-20 метрге чейин жетет”, - деп баса белгиледи ал.
Белгилей кетүүчү жагдай, 23-декабрдан 3-февралга чейин улуттук ай саноого ылайык, чилде мезгили келет. Бул аба ырайынын кыш айларындагы өтө суук болгон, туура кырк күндүк мезгили. Бул сөз өтө суук деген маанинин түшүндүрөт.