Корей ишкерлери Түп районунун бош турган талааларына дарылык касиети бар кызыл мыя чөбүн эгишти

Дата: 10:28, 19-07-2016.

Бишкек. 18-июль. КирТАГ – Айбек Замиров. Түп районунда корей ишкерлери 300 га жерге дарылык касиети бар кызыл мыя чөбүн эгишти. Бул тууралуу КирТАГга райондун акими Ишен Кожалиев билдирди.

Анын айтымында, Ён-Чон шаарынан келишкен түштүк кореялык ишкерлер менен Түп райондук администрациясынын кызматташуу тарыхы 2014-жылы башталган.

«Ал кезде меморандумга кол коюлуп, ага ылайык Тогуз-Булак айыл округундагы 300 га жерге кызыл мыя эгилген. Кызыл мыя келээрки жылдан тарта түшүм бере баштайт. Учурда корей ишкерлери жалпы айдоо аянтын 1 миң га. чейин жеткирүүгө ниеттенишүүдө. Ошондо гана алар кызыл мыянын тамырын кайра иштетүү боюнча завод кура башташат», - деп белгиледи Кожалиев.

Бирок райондун акими белгилеп өткөндөй, кызыл мыя эгүүгө жарамдуу болгон кум жер райондо калбай калды.

«Бирок биз үчүн бул да пайдалуу. Мурда бул жер иштетилбей, бош турган. Азыр болсо ар бир гектарынан ижара акы, салык алып жатабыз, анын үстүнө ал жерге мал багууга да болот, себеби фармацевттерге тамыры гана кере», - деп билдирди райондук администрация башчысы.

Кожалиев кошумчалап өткөндөй, корей ишкерлери кызыл мыядан тышкары дары чөптөрдүн 13 түрүн эгишти, жана алардын 7 түрү өндүрүмдүүлүгүн көрсөтүүгө жетишти.

«Келечекте алар дары чөптөрдү эгүүнү мындан ары да улантып жана айдоо аянтын кеңейтүүнү көздөп жатышат. Ён-Чон шаарынан келген ишкерлер Түштүк Кореяга райондун 5 тургунун акысыз негизде чакырышты. Ал жерден кыргызстандыктар дары чөптөрүнүн түрлөрүн өстүрүүнү үйрөнүп кайтышты. Эми кезек райо тургундарынан турган кийинки топто. Буюрса көптөгөн айылдыктар иш менен камсыз болушат», - деп кошумчалады Кожалиев.

Поделиться новостью: