Жыл башынан Кумтөрдүн 32%нан ашык алтыны Улуу Британияга экспорттолгон
Бишкек. 15- ноябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Жыл башынан Кумтөрдүн 32%нан ашык алтыны Улуу Британияга экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка караганда, жыл башынан бери Улуу Британияга сатылган алтындын суммасы $386,7 млн (32,8%) долларды түзгөн.
«Бул жылы Кумтөрдүн алтыны Улуу Британияга экспорттолду. Мурдагы жылдары Швейцарияга сатылып келген. Россияга 19,5% (230 млн $), Казакстанга 4,5%, Өзбекстанга 10,4%, Түркияга 53,1 млн $, Кытайга 45,1 млн $, ошондой эле Тажикистанга 38,7 млн долларга алтын сатылган», - деп белгилейт башкармалык.
Кыргызстандын тышкы товар жүгүртүүсү январдан сентябрь айына чейин 4,8 млрд долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7,3 %га өскөн. Муну менен экспорт 3,1%га азайган, импорт болсо 11,2%га көбөйгөн.