КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:59 | 26 чын куран

Жогорку Кенештин VI чакырылышы 4 сентябрда ишин баштайт

Дата: 17:12, 29-08-2018.

Бишкек. 29 - август. КирТАГ – Жогорку кеңеш кезектеги ишин 4-сентябрда баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" жана Конституциясынын 77-беренесине ылайык парламенттик сессия ушул жылдын сентябрь айынын биринчи иш күнүнөн башталат. Депутаттар кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин иштеп, эс алууга тарайт.

"Өкмөттүн 2018-жылдын 28-февралындагы токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципиалдык уюмдарда, мекемелер менен ишканаларда беш күндүк иш тартибинде иштегендер үчүн 2018-жылдын 7-майындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 3-сентябрына которулган. Буга ылайык 3-сентябрь эс алуу күнүнө туура келгендиктен, 4-сентябрда VI чакырылыштын кезектеги сессиясынын ачылышы өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Парламенттин депутатттары жайкы эс алууга июндун биринчи жумасында чыккан. Эл өкүлдөрү жайкы каникулда бир ай электараты менен жолугуп, шайлоочуларынын көйгөлөрүн менен таанышат.

Поделиться новостью: