КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:33 | 26 чын куран

Жээнбеков: Мыйзамсыз берилип кеткен парк жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу мамлекеттик саясаттын багыттарынын бири болуп саналат

Дата: 16:53, 10-01-2020.

Бишкек. 10 - январь. КирТАГ – Мамлекеттик саясаттын багыттарынын бири мыйзамсыз берилип кеткен парк жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу болуп саналат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан парк аймагына баруу учурунда билдирди.

Бул жакта А. Токомбаев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркынын жанына жалпы аянты 10,22 га болгон дагы бир жаңы парк жайгаштырылат.

«Балдар — биздин келечегибиз, үмүтүбүз. Бүгүн жасап жаткан иштердин баары — балдарыбыздын бактылуу жашоосу үчүн жасалган аракеттер», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана бул паркты «Балалык» эс алуу паркы деп атоону сунуштады.

Мамлекет башчысы жаңы парк балдар жана ата-энелер үчүн сүйүктүү эс алуу жайына айланарына ишенимин билдирди.

Президент Совет мезгилинде Фрунзе шаары өзүнүн тазалыгы жана жашыл бак-шактары менен белгилүү болуп келгенин эске салып, эгемендик алган жылдар аралыгында шаар ичиндеги көптөгөн паркка ылайыктуу жерлер менчикке берилип, ар кандай турак жайлар курулуп калганын өкүнүү менен баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков өзгөчө белгилегендей, инфраструктураны өстүрүү менен бирге парк аймактарын коргоого, шаар тургандарына жана конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө да көңүл буруш керек.

Ошондуктан, мамлекеттик саясаттын багыттарынын бири мыйзамсыз берилип кеткен парк жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу болуп саналат.

Мамлекет башчысы акыркы убакта борбор шаардын сегиз паркы жана сейил бактары реконструция болгонун, 2020-жылы Бишкекте жалпы аянты 55 гектар болгон алты жаңы парктын курулушу пландалып жатканын, акыркы эки жылда 6,5 га жер Бишкектин менчигине кайтарылып, парктарды курууга берилгенин канааттануу менен баса белгиледи.

2019-жылдын августунда ачылган «Ынтымак» паркы шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуучу жайы болуп калганын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектин жашыл шаар деген атагын кайтаруу, экологиясын жакшыртуу максатында бул жерлерди мыйзам алкагында кайра шаардын менчигине кайтаруу иштери улантыларын белгилеп, шаарларды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча бирдиктүү саясат бүтүндөй өлкө боюнча ишке ашырыларын баса белгиледи.

Поделиться новостью: