Жүргүнчүнү сабаган айдоочу кармалды

Дата: 09:57, 04-10-2018.

Бишкек. 4 - октябрь. КирТАГ – Жүргүнчүнү сабаган «Кара-Балта – Бишкек» маршруттук таксинин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочу 1-октябрда салондо отурган аялды уруп сабаган. Окуяга күбө жаңжалды видеого тартып алып,социалдык тармактарга тараткан.

Аталган факт боюнча «Хост» фирмасынынын 302 «Кара-Балта – Бишкек» багыты боюнча каттаган маршуттук таксинин айдоочусу кармалган. Айдоочу күнөөсүн моюндап, аялдан кечирим сурап кайрылган.

Учурда топтолгон материалдын негизинде тергөө башталды.







Поделиться новостью: