Видеобайкоо системасы аркылуу бажы органдарынын ишине онлайн мониторинг жүргүзүлөт

Дата: 09:29, 04-12-2019.

Бишкек. 3 - декабрь. КирТАГ – Видеобайкоо системасы аркылуу бажы органдарынын ишине онлайн мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында (МБК) өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында ишке ашырылуучу бажы процесстерине мониторинг жүргүзүү үчүн МБКнын Борбордук аппаратында маалыматтарды онлайн берүү менен видео байкоо системасын ишке киргизүү боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда "Автомобилдик" бажылык тариздөө жайы (мындан ары-БТЖ), "Бизнес-Транс-Сервис" БТЖда, "Кант" БТЖда, "Кыргызмебель" БТЖдаы, "Беловодское" БТЖда, "КММ" БТЖда видеобайкоо камералары орнотулган. Ошондой эле "Ак-Чий" БТЖда, “Улуттук көргөзмө борбору” БТЖда видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө.

2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, 472 видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча жумуштар аяктаган, «Иркештам» автомобилдик өткөрмө пунктунда (мындан ары-АӨП) - 50 видеокамера, «Кызыл-Кыя» АӨП-56 видеокамера, “Торугарт” АӨП-73 видеокамера, “Кызыл-Бел” АӨП- 50 видеокамера, «Кайрагач» АӨП - 55 видеокамера, “Жалал-Абад” темир жол өткөрмө пунктунда (мындан ары-ТЖӨП)- 51 видеокамера, «Шамалдысай» ТЖӨП- 39 видеокамера, «Кара-Суу» ТЖӨП- 66 видеокамера, «Кара-Суу»ТЖӨП - 66 видеокамера, «Кызыл-Кыя» ТЖӨП-32 видеокамера орнотулган.

Өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында видеобайкоо камераларын МБКнын Борбордук аппаратындагы онлайн мониторинг жүргүзүү системасына кошуу боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө төмөндө аталган өткөрмө пункттарындагы жана бажылык тариздөө жайларындагы 14 видебайкоо камералары “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу улуттук мониторинг жүргүзүү системасына кошулган:

- «Торугарт» алдын ала бажы жол-жоболор жайында (АБЖЖ) 4 видеобайкоо камера on-line режиминде берүү;

- «Иркештам» АБЖЖда 4 видеобайкоо камера on-line режиминде берүү;

- «Кант» АБЖЖ 2 видеобайкоо камера on-line режиминде берүү;

- «БТС» АБЖЖ 2 видеобайкоо камера on-line режиминде берүү;

- «Кыргызмебель» АБЖЖ 2 видеобайкоо камера on-line режиминде берүү.

Видеобайкоодогу маалыматтар Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берилет, мындан тышкары маалыматтар баардык жарандар үчүн МБКнын www.customs.kg. расмий сайтында жеткиликтүү.

Видеобайкоо системасын ишке киргизүү бардык бажы процесстерин ишке ашыруунун ачыктыгына жана айкындыгына, бажы кызматынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жакшыртууга, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Он-лайн мониторинг системасына толук кошуу боюнча иш-чаралар 2019-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Поделиться новостью: