Улуттук банк жаңы күмүш монеталарын чыгарды

Дата: 14:47, 05-11-2019.

Бишкек. 5 - ноябрь. КирТАГ –Улуттук банк "Кыргыз каганатынын доору" сериясындагы жез-никель жана күмүштөн жасалган коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу башкы банктын  сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, монеталар "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы", "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" деген аталышта.

Коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылды.

"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин улуттук оймолор менен кооздолгон үч кыргыз кумурасы түзөт. Жогорку бөлүгүндө "Кыргыз кумурасы/ Kyrgyz vase" жазуусу орун алган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы көрсөтүлгөн (28,28g). Монетанын номиналы (10 сом) төмөн жагында берилген", — деп айтылат маалыматта.

Монетанын арткы бетине улуттук кыргыз оймолору менен кооздолгон кумуралардын сүрөтү түшүрүлүп, борборунда Кыргызстандын герби орун алган. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Улуу кыргыз каганаты" деген жазуу бар. Ал эми төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).


"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түстүү ыкмада оюу түшүрүлгөн сөйкө тагынган кыздын образы түзөт. Монетанын сол тарабында орун алган "Улуу кыргыз каганаты" деген жазуу Орхон-Енисей рун тамгалары менен жазылган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°), монетанын аталышы "Сырга/Earring", салмагы (28,28g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.

Асыл таштар чөгөрүлүп, шуру менен тизмектелип берилген сырганын сүрөттөлүшү монетанын арткы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын борборунда Кыргызстандын герби жайгаштырылган, ал эми оң жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).

Күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.



Поделиться новостью: