КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:40 | 26 чын куран

Тоо-кен ишканаларына салыкты 3 пайызга көбөйтсө бюджетке кошумча 300 млн сом киреше түшөт

Дата: 11:20, 24-02-2020.

Бишкек. 24 - февраль. КирТАГ – Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети тоо-кен тармагындагы салык өлчөмүн көбөйтүүгө багытталган “КР Салык кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилегчи – Өкмөт.

Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Өкмөт мыйзам долбоору аркылуу тоо-кен жана тоо-кен кайра иштетүү тармактарындагы ишканалардын алтын катылган руданы жана алашмаларды сатуудагы киреше салыгын 3 пайызга көбөйтүү демилгесин сунуштап жатканын билдирди. «Ошондой эле алтын катылган руданы жана алашмаларды сатуудагы роялтинин базалык салыгы да кайра каралат. Эгер афинаждалган алтын Кыргызстанга кайра алынып келсе, салык алынбайт», - деди ал.

Өкмөттүн божомолунда мындай чаралардын натыйжасында бюджетке кошумча 300 млн сом киреше түшөт.

Депутат Тариел Жоробеков алтын аралашмаларында камтылган алтындын өлчөмүн кимдер аныктап, улуттук кызыкчылык комдер коргой турганына кызыкты.

Баяндамачы алтын аралашмаларынын өлчөмүн аныктай турган көзкарандысыз 4 лаборатория бар экенин, ошолор аныктай турганын билдирди. «Албетте, айрым тобокелчиликтер да бар. Аралашмалардын курамын аныктоо 3 көзөмөлдөн өтөт. Эгер ката кеткен болсо, текшерген лабораториянын аккредити чакыртып алынат. Ошондуктан, алар дагы ишенимден чыкпоо аракетин жасайт», - деди ал.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев көзкарандысыз лабораториялардан тышкары мамлекеттин борбордук лабораториясы да бар экенин, бирое анын жабдуулары менен эл аралык аккредити жок экенин кошумчалады. «Эгер каражат бөлүнсө, аны жабдып, мамлекет алтын аралашмаларынын өлчөмүн аныктоо милдетин өзүнө алса болот», - деди ал.

Поделиться новостью: