Су-25 чабуулчулары машыгууларга катышуу үчүн Кыргызстандан Түштүк Уралдагы базага конушту
Бишкек. 22 март. КирТАГ - Кыргызстандагы «Кант» авиабазасындагы Су-25 үлгүсүндөгү үч чабуулчу жайкы тактикалык машыгууларга жана «Авиадартс-2019» Эларалык аскердик оюндарына катышуу үчүн Челябинск облусундагы базага барышты.
Эки жума бою Су-25 чабуулчуларынын экипаждары сынактын алкагында учууларды көргөзүп, Курган облусундагы авиациялык Сафакулево полигонунда күндүз жана түнкү шарттарда ракета атышат.
Учкучтар «Кант» авибазасынан Казакстан, Новосибирск жана Омскта тыныгуу менен барышты.