КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:13 | 27 чын куран

Сирияга кетүүгө камданган кыргызстандык кармалды

Дата: 17:10, 17-09-2018.

Бишкек. 17 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Сирияга кетүүгө аракет кылган 21 – жаштагы кыргызстандыкты жаранды кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сирия аймагындагы бандиттик түзүмдөрүнүн курамында согуш аракеттерге катышып, террордук актыларды даярдоо максатында жиберилген эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) согушкерлеринин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу максатында улантылып жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында, 1997-ж.т., КР жараны «Б.Ш.»кармалган.

«Б.Ш.» акыркы жылдары жакынкы өлкөлөрдүн биринде болуп, ЭТУ башчыларынын тапшырмасы боюнча, бантиттик түзүмдөрдүн курамына кошулуп согуш аракеттерге катышуу үчүн Сирияга кеткени аныкталды.

Учурда бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 27-226-4- (Кыргыз Республикасынын жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү) беренеси жана 299-1(Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Поделиться новостью: