КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:55 | 26 чын куран

ШКУнун бюджети тууралуу мыйзам долбоору каралды

Дата: 13:37, 21-11-2018.

Бишкек. 21 - ноябрь. КирТАГ –Жогорку Кеӊеште “Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндөгү макулдашууда ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартибин, ошондой эле төгүмдөрдүн өлчөмүн  аныктайт, ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечимине ылайык, үлүштүк катышуу принциптеринин негизинде Уюмдун бюджетине мүчө-мамлекеттер жыл сайын киргизет.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, бул макулдашуу күчүнө киргенден тарта 2003-жылдын 29-майындагы ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндөгү макулдашуусу күчүн жоготот.

Андан тышкары, тиркемеде ШКУга мүчө мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмү белгиленип, ага ылайык ШКУ бюджетине Кыргызстандын үлүштүк төгүмүнүн өлчөмү 8,8 пайызды түзө турганы белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар Кыргызстандын ШКУ бюджетине төгө турган үлүшүнө кызыгышты. Каржы министрлигинин өкүлү 8,8 пайызды акчага которгондо, ал болжол менен 696 миӊ 830 доллар болорун айты. Буга чейин Кыргызстан бюджеттин 10 пайызын төлөп келген. Ал анда 6 квота белгиленгенин кошумчалады.

Кезинде ШКУнун алкагында Өнүктүрүү банкын же фондун түзүү демилгеси көтөрүлгөнүн эске салган депутат Аалы Карашев азыр анын түзүлгөн-түзүлбөгөнүнө, Кыргызстанда ШОС алкагында каржылык колдоо алган-албаганына кызыкты. Каржы министринин орун басары айрым өлкөлөр каршы болгонуна байланыштуу андай мекеме ушул кезге чейин түзүлбөй келатканын билдирди.

Поделиться новостью: