КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:06 | 26 чын куран

Шайлоого нааразыларды кубалоо жана камакка алуу Казакстанга аброй алып келбейт – эл аралык байкоочулар

Дата: 17:51, 10-06-2019.

Бишкек. 10 - июнь. КирТАГ  –   Казакстандын Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүзгө жакын адамды полиция кармап кетти.

Окуя болгон жердегилер тарткан видеолордо полиция бир нече адамды күч менен алып кетип жатканын көрүүгө болот. Алар «Бойкот», «Маскара» деп кыйкырып жатышат. Жагдайды чагылдырып жаткан «Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Петр Троценко да полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Нур-Султан жана Чымкент шаарларында да адамдар кармалып жатканы кабарланууда.

Бүгүн Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы шайлоо. Шайлоодо жети талапкер ат салышууда. Талапкерлердин бири учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев нааразылык акцияларына чыгып жаткан адамдардын аракетин «өздөрүнүн тандоосу» деп айткан болчу.

Поделиться новостью: