Шашылыш эскертүү! Бишкекте катуу шамал болот
Дата: 11:36, 18-01-2019.
Бишкек. 18 - январь. КирТАГ – Бир сааттын ичинде Бишкекте катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
«Бишкек шаары жана Чүй облусунда бир саат ичинде катуу шамал болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасын 18-23 метрге жетиши мүмкүн», - деп айтылат.
Коммуналдык кызматтарга коопсуздук чараларын көрүү сунушталды. Башкармалык жарандарды сак болууга чакырат.