Ренат Түлөбердиев «Улуттук башкаруучу компаниянын» төрагасы болуп дайындалды
Дата: 14:30, 21-08-2019.
Бишкек. 21 - август. КирТАГ – Түлөбердиев Ренат Темирбекович «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызаты билдирди.
Тийиштүү чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду – «Улуттук башкаруучу компания» ААКнын бирден-бир негиздөөчүсү кабыл алды.