Премьер-министр Абылгазиев Жалал-Абадка барат
Дата: 09:42, 14-08-2019.
Бишкек. 14 — август. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы ички жолдордун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырып, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыкмакчы. Мындан тышкары Премьер-министр «Кичи-Чаарат» ЖАК фабрикасынын ачылышына катышат.