КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:07 | 26 чын куран

Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Дата: 09:26, 18-10-2019.

Бишкек. 18-октябрь. КирТАГ – Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынан гуманитардык жардам жеткирилди.

Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 5 млн сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.

Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү.

Мындан тышкары гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. 

Памирлик кыргыздар Кыргыз Республикасынын бийлигине жана элине колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Экспедициянын мүчөлөрүн Ооганстын аймагынан Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана Афганистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин этникалык кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алды.  

Поделиться новостью: