КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:30 | 26 чын куран

Оштун «Алай» командасы түркмөндөрдүн «Ахалом» курамасы менен беттешет

Дата: 15:16, 19-02-2019.

Бишкек. 19 - февраль. КирТАГ – Оштун «Алай» футболдук клубу менен Түркменистандын «Ахал» курама командасы беттешет. Бүгүн оюн алдынан маалымат жыйын өткөнүн Ош шаардык мэриясы маалымдады.

Маалымат жыйында машыктыруучулар жана клубдун башкы оюнчулары алдыдагы оюн боюнча пландарын айтышты. «Ахал» командасынын машыктыруучусу Ровшан Мередовдун айтымында оюнчулар беттешке толугу менен даяр.

Ал эми «Алай» командасынын башкы машыктыруучусу Айбек Татанов Оштун футболчулары да жакшы даярдык көргөнүн билдирди.


« «Алай» бул матчта болгон мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшү керек. Биз коргонууга басым жасап, каршы чабуул коюууну пландап жатабыз», - деди А.Татанов.  

Эске салсак, эртең 20 – февралда Акматбек Суюмбаев атындагы стадиондо өткөн.

Оштун «Алай» командасы Түркменистандын «Ахал» клубу менен беттешет. Матч саат 14:00 башталат.


Поделиться новостью: