Ош облусунда дарыянын суусу көтөрүлүп, 350 гектар айдоо аянтын каптап кетти

Дата: 11:39, 11-04-2018.

Бишкек. 11 - апрель. КирТАГ - Мунара Боромбаева. Ош облусунда дарыянын суусу көтөрүлүп, 350 гектар  айдоо аянтын каптап кетти. Бул тууралуу ӨКМги билдирди.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, 350 гектар айдоо аянтын каптап кеткен.

Маалыматта Бак тилкесинде 107 Га үлүш жерди, Өзгөн Девзара кооперативинин 246 Га жерин азыркы учурда суу каптаганы белгиленет.

Ошондой эле Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралууда.

Учурда жеринде КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы иш алып барууда.

Поделиться новостью: