Москвадан кыргызстандык крим төбөл кармалды

Бишкек. 15 - январь. КирТАГ – Москвадан кыргызстандык крим төбөл кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө өткөн жылы Москва жана Москва облусунан Кыргызстандын жарандарынан түзүлгөн бандиттик топ жердештерин тоноп, акча талап кылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшкөн.
Күч органдары 2018-жылы кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктаган. Маалыматка караганда бандиттик топтун башында Ош облусунун тургуну, криминалдык чөйрөдө «смотрящий» статусу бар жаран тургандыгы белгилүү болгон.
Аталган топ бир оор кылмышкерлер катарында каттоодо турган. Топтун жетекчиси 2013-жылы Бишкек шаарында кишилерди тоноп, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.
Крим төбөл 2019-жыл 11-январда Москвадан кармалган. Колго түшүрүлгөн кылмыштуу топтун лидери 1986-жылы туулган Р.М. аттуу жаран экени аныкталган.
Учурда кылмышкерди экстрадициялоо аракеттери көрүлүп жатат.