КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 1:05 | 27 чын куран

Митингчилер Текебаев менен Жапаровдун боштондугун талап кылууда

Дата: 11:23, 23-04-2019.

Бишкек. 23 – апрель.  КирТАГ –   Бишкекте, Жогорку соттун алдындагы митингде "Садыр Жапаровго боштондук! Садыр Жапаров акталсын!" деген кыйкырыктар жаңырууда. Аймактардан чогулган бир нече тургун чыгып сөз сүйлөштү.

Камакта жатып чыккан көзү азиз активист Темирлан Ормуков да акыйкатсыз соттордун өздөрүн камакка алуу керектигин белгиледи.

Чогулгандар "Ата Мекен" партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин акталышын талап кылышууда.

Эки саясатчынын тарапкерлери бүгүн алардын соттук отурумуна байланыштуу акцияга чогулушту. Учурда болжолдуу 200-300дөй киши турат.

Садыр Жапаровдун соту башталды, Өмүрбек Текебаевдин соту эми башталат.

Поделиться новостью: