КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:52 | 26 чын куран

Медведев телефон аркылуу президент Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Дата: 16:30, 16-11-2018.

Бишкек. 16 - ноябрь. КирТАГ –  Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Дмитрий Медведев мамлекет башчысын 60 жылдык мааракеси менен куттуктады жана жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Мындан тышкары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана интеграциялык биримдиктердин алкагында мындан аркы экономикалык аракеттенишүүсү талкууланды.

Буга чейин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев туулган күнүнө байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековго куттуктоо телеграммасын жолдогон.

Поделиться новостью: