Мас абалында унаа башкарган 30 айдоочу кармалды

Дата: 10:58, 18-11-2019.

Бишкек. 18 - ноябрь. КирТАГ – Өткөн жекшемби күнү жүргүзүлгөн рейдде 30 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусттук ИИББ маалымдады.

Рейд эки күн 15-17 - ноябрда жүргүзүлгөн. Жалпысынан жол кыймылын бузуу боюнча 1385 протокол түзүлгөн. Алардын ичинен 30 айдоочу мас болгон, 11 айдоочунун тиешелүү документтери жок болуп чыккан. 400 айдоочу катуу айдаган. Айып жайына 28 транспорт киргизилген.

Поделиться новостью: