КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:15 | 26 чын куран

Кыргызстандын Өзгөн районунда 12 жаштагы бала өзүнөн эки жаш улуу агасын ойноп жатып атып алган

Дата: 10:14, 22-03-2019.

Бишкек. 22 март. КирТАГ - Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу айылында бир туугандар мылтык менен ойноп жатып, иниси агасын капыстан атып алды. Бул туралуу Ош Облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 20-март күнү 14 жана 12 жаштагы бир туугандар ойноп жаткан учурда болгон. Алар 21 жаштагы агасынын ок атуучу мылтыгын алып ойноп жатышкан убакта мылтык атылып кетип, ок 14 жаштагы баланын башына тийген.

"Алган жаракатынан улам өспүрүм ооруканага жетпей каза болгон. Окуя боюнча Өзгөн РИИБинин ыкчам-тергөө тобу чыгышып, далил буюм катары мылтык табылып, ок атуучу куралдын сактоо эрежеси бузулгандыгы жана мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө. Топтолгон материалдар тергөө ишине тиркелип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Поделиться новостью: