КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:33 | 26 чын куран

Кыргызстандын Коргоо министри Индиянын элчиси менен жолукту

Дата: 11:41, 11-09-2019.

Бишкек. 11 – сентябры. КирТАГ – Кыргызстандын башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри менен жолугушту. Бул  тууралуу Куралдуу күчтөр штабынын маалымат кызматы билдирди.

«Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Индия ортосунда кызматташтыкты жандандыруу, аскердик-өндүрүш багытында иш алып баруу жана 2019-жыл 9-11-октябрь күндөрү Бишкекте өтөтурган «Намаскар Евразия» соода-экономикалык экспозициясына даярдык көрүү маселелерин талкууга алды», - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Райимберди Дүйшенбиев Индиянын өндүрүшүн даңазалаган иш-чарага активдүү катыша тургандыгын билдирди.

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда экономикалык, маданий жана аскердик тармактарда тыгыз кызматташуу аракеттери жүрүп жатат. Ушул эле жылы эки өлкөнүн коргоо академиялары, улуттук гвардиясы жана аскердик жогорку окуу жайлары ортосунда келишимдерге кол коюлду.

Поделиться новостью: