Кыргызстанда жер силкинди
Дата: 08:58, 16-08-2019.
Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка караганда жер 6-август күнү саат 02:22де силкинген.
Жер титирөө Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 2 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.