Кыргызстанда «Жашыл экономика» жумалыгы старт алды

Бишкек. 15 - октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстанда бүгүн «Жашыл экономика» жумалагы старт алды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин аймактарды өнүктүрүү жана стратегиялык пландоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Кадыров маалымат жыйында билдирди.
«Кыргызстанда «Жашыл экономика» айыл чарбада активдүү өнүгүүдө. Органикалык өсүмдүктөрдү жетиштирүү айыл чарбадагы жашыл экономикада жакшы жолго түшүп жатат. Белгилүү болгондой эле Кыргызстанда рынок чектелүү. Мындан ары бул тармакты өнүктүрүп, өзүбүздүн артыкчылыгыбыз менен экспортко чыгышыбыз керек», - деп белгиледи А.Кадыров.
Жашыл экономика жумалыгынын алкагында, Бишкек жана Ош шаарларында жашыл технологиянын жарманкесин уюштуруу, адистештирилген семинарлар, тегерек стол, практикалык жолугушуулар жана тренингдер уюштурулат.
Иш-чаранын башкы темасы мамлекеттин жана жеке сектордо жашыл экономиканы жандандыруу жолдорун талкууга алуу болуп саналат.