КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:03 | 26 чын куран

Кыргызстанда жашоо минимуму КМШ өлкөлөрү арасында эң төмөн

Дата: 11:02, 23-11-2018.

Бишкек. 23 - ноябрь. КирТАГ – Кыргызстан жашоо минимуму боюнча КМШ өлкөлөрү арасында акыркы орунду ээледи. Улуттук статистикалык комитет Көз карандысыз мамлекеттердин статистикалык маалыматтарына салыштыруу менен жыйынтык чыгарган.

Маалыматка караганда, Кыргызстандыктардын жашоо минимуму 68 долларды түзүп, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 3 долларга азайган.

Украиналыктар бир айда  жашоосуна 66 доллар сарптоо менен акыркы орунда турган.

Россияда жашоо эң кымбат экени аныкталып, жарандар айлык оокатына 160 доллар коротот. Москвада 114 $, Беларусия – 106 $ , Алезбайжан - 102$, Казахстан – 79 долларды түзгөн.

Статистикалык комитет, Беларусияда айлык акынын суммасы күнүмдүк чыгымдардан жогору экенин белгилейт.Башка өлкөлөрдө болсо минималдуу иш акы күнүмдүк керектөөнүн суммасынан аз экени айтылат. Кыргызстанда эң аз айлык минималдуу күнүмдүк керектөөдөн 32%га төмөн болуп келатат.



Поделиться новостью: