КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:01 | 26 чын куран

Кыргызстанда токойлорду улуттук инвентаризациялоо жүрүп жатат

Дата: 14:16, 20-09-2019.

Бишкек. 20 - сентябрь. КирТАГ – Кыргызстанда токойлорду улуттук инвентаризациялоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Айлана-чөйрө жана токой-чарбасын коргоо мамлекеттик агенттиги билдирди.

«Кыргызтокойаңчылыктүзүлүш» мамлекеттик башкармалыгы экинчи улуттук инвентаризациялоону «Ала-Арча» паркында өткөрдү. Адистер парктын эки жеринде дарактардын жана өсүмдүктөрдүн санын, ошондой эле деградацияга кабылган жерлерди көрүп чыкты.

Бир күндүн ичинде экологдор токойдо 1000 чарчы метр жерди изилдеп чыкты.  

Эске салсак, 2019-жылдын жаз айларында токойлорду улуттук инвентаризациялоонун экинчи этабы башталган.

Поделиться новостью: