КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:11 | 27 чын куран

Кыргызстанда дагы 9 кишиден коронавирус табылды, 1 киши дарттан көз жумду

Дата: 10:13, 03-04-2020.

Бишкек. 3 - апрель. КирТАГ - Кыргызстанда дагы 9 кишиден коронавирус табылды, 1 киши дарттан көз жумду. Вирусту жуктургандардын жалпы саны 125 кишиге жетти.Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан каза болгон алгачкы бейтап 61 жаштагы Ош облусунун Ноокат районунун тургуну болгон. Даргерлердин айтымында ал башка оорулар менен да ооруп жүргөн.

Учурда дагы төрт кишинин абалы оор. Бир бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

Поделиться новостью: