Кыргызстанда 12-16-сентябрда жамгыр жаайт, тоолорго кар түшөт

Дата: 17:24, 11-09-2018.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстанда 12-16-сентябрда жамгыр жаайт, тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 12-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.


13-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Поделиться новостью: