Кыргызстан Түркиядагы 211 жаранын алып келет

Дата: 11:40, 17-04-2020.

Бишкек.17 - апрель. КирТАГ –Бүгүн, 17-апрелде, түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, келе турчу жүргүнчүлөрдүн баары түз эле "Ак кеме" мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат. Өкмөт чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу ишин улантат

Кечээ, 16-апрелде, Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери сүйлөшүп, эки өлкөнүн жарандарын эвакуациялоо боюнча чартердик каттамдарды уюштуруу маселесин талкуулашкан
.
Буга чейин Анталия, Стамбул, Анкара, Новосибирск, Дубай жана башка шаарлардагы 4371 мигрант мекенине келе албай жатканы айтылган болчу.

Поделиться новостью: