Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда - Жээнбеков
Бишкек. 12 - июнь. КирТАГ – "Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда", - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен болгон кеңири форматтагы жолугушуунун жүрүшүндө .
Белгилей кетсек, бүгүн Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий визит менен келди.
Мамлекет башчысы Жээнбеков эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы алаканы өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Президент Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы барактарын ачат, деди.