КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:25 | 27 чын куран

Кыргызстан бир күндө эки жолу жер титирөө катталды

Дата: 10:19, 30-03-2020.

Бишкек. 30 - март. КирТАГ – Кыргызстан бир күндө эки жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 29-март күнү саат 10:51де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кызыл-Гава айылдарында 5 балл, Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 3,5  баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

          КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-март күнү саат 16:04тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Шахимардан айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться новостью: