КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:37 | 26 чын куран

Кыргыз өкмөтү «Борбордук Азия — Корея» форумун улантууга кызыкдар

Дата: 12:35, 18-07-2019.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ –  Кыргыз өкмөтү «Борбордук Азия — Корея Республикасы» форумун андан ары өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдойт. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарды активдештирүү үчүн баардык шарттар бар.

Премьер-министр кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда саясий диалогду улантуу маселесине өтө чоң маани берерин айтып, мындан ары да ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана ачык деп белгиледи.

«Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу коңшу мамлекеттер менен достук жана боордоштук мамилелерди бекемдөө болуп саналат. Бизди алар менен кылымдардан бери уланып келе жаткан салт-санаалар жана үрп-адаттар, достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу эки тараптуу негизде, ошондой эле көп тараптуу форматта дагы өнүгүп келе жатат. Ушуга байланыштуу «Борбордук Азия — Корея Республикасы» форумун андан ары өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдойбуз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Поделиться новостью: