Кыргыз айдоочусу АКШда кырсыктап, ооруканага түштү

Дата: 12:10, 09-10-2018.

Бишкек. 9 - октябрь. КирТАГ – Кыргыз айдоочусу АКШнын Миссури штатында жол кырсыгына кабылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны А.Муминов айдап бараткан Mercedes-Benz оор жүк ташуучу Freightliner үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып кеткен. Окуя 4-октябрь түнү болгон. Кырсыктаган Муминов ооруканага жеткирилген.

Учурда Муминовдун абалы дурус. Элчилик анын туугандары менен байланышуу аракет кылууда.

Поделиться новостью: