КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:44 | 27 чын куран

Курсан Асанов өзүнө байланышкан маселелер кийин ачылаарын билдирди

Дата: 09:32, 14-08-2019.

Бишкек. 14 – август. КирТАГ – Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кызматтан алынышы жана тагылып жаткан кине жөнүндө расмий билдирүү таратып, жеке кызыкчылыкты көздөбөгөнүн жарыялады.

Ал 7-8-августта Кой-Таштагы жана Бишкектеги окуяларга байланыштуу өлкөдө оор кырдаал түзүлгөнүн, министрликтин өздүк курамынын колдоосу менен жагдай чечилгенин айтты.

“Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес. Мен кызмат учурунда мамлекет коркунучка кептелген бир топ учурга кабылганымды белгилеп коеюн. Мындай кырдаалда мен мамлекеттин туруктуулугун камсыздоо үчүн күчүмдү жана өмүрүмдү аяган эмесмин. Мага байланыштуу маселе кийин ачылат деп эсептейм. Өлкөмдүн жана өзүмдүн абийиримдин алдында мен акмын” дейт ал билдирүүсүндө.

Генерал-майор өзүн кесиптештерине, ушул күндөрү мамлекетте тартипти камсыз кылган милициянын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, элдин колдоосуна алкыш айтты.

Поделиться новостью: