Крим төбөл Батукаевдин иши сотко өттү

Дата: 14:14, 04-10-2019.

Бишкек. 04-октябрь. КирТАГ –Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Андан тышкары мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана бир катар дарыгерлерге да айып коюлган.

Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовго «Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка сот актысын чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери менен айып тагылып, кызматтан алынган.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган.

Поделиться новостью: