Коменданттык саат эрежесин бузган 117 адам кармалды
Бишкек. 3 - апрель. КирТАГ –Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында 3-апрелге караган түнү коменданттык саат эрежесин бузган 117 адам кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, алты машине атайын токтотуучу жайга киргизилди. Бишкекте 86, Ошто 29, Сузак районунда бир, Кара-Суу районунда бир адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жалал-Абад шаары менен Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.
Жалпысынан 25-марттан баштап милициянын кайгуул тобу өлкө аймагында 1606 жаранды коменданттык саат эрежесин бузганы үчүн кармап, эртең менен кое берди.
25-марттан 15-апрелге чейин президенттин жарлыгы менен Бишкек шаарынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилген.